www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер кеме түндүккө карай сүзүп жатса, а сен палубада түштүккө карай баратсаң, анда сени кеме баары бир түндүктү көздөй алып кетет. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери ушундай эле окуя болуп жатат. Реформа жүргүзүүгө аракеттер болуп жатканы менен, жыйынтык канааттандыраарлык эмес. Тарыхыбыздагы ар кандай этаптарда бийлик реформа жүргүзүп келген жана азыр да жүргүзүп жатат. Ошону менен бирге көптөгөн адамдар жашоону жакшыртуу үчүн туура чечимдерди сунуштаганына карабай, кеме бизди башка багытта алып кетүүдө.

Бул жылдары реформаны бардык тармактарда жүргүзүп ээ болгонубуз: экономиканы реформалоо экономиканы, социалдык чөйрөдө маданиятты, саламаттыкты сактоону, билим берүү системасын кыйраттык ж.б.у.с. Укук коргоо жана сот органдарына реформаны 30 жылдан бери жүргүзүп жатабыз, бирок жыйынтыгы: адилетсиз тергөө жана сот акыйкатсыздыгы, калк тарабанан сотторго жана укук тартибине толук ишенбестик. Болбосо, буга чейин ар бир бийлик реформа өткөрүп, өз реформасын жыйынтыктагындыгын айтып келишкен. Кеменин палубасында чымырканып баратабыз, бирок кеме баары бир бизди түндүккө карай алып баратат.

Биз эмнени туур эмес жасадык, эмнени эсепке албадык? Кеме эмне үчүн бизди көздөгөн багытка алып барган жок? Мунун баары атайылап жасалган деп эч кимден шек санабайбыз, эч ким жамандыкты каалабайт, бардыгы жакшылыкты каалашат. Сөз дүйнөнүн түзүлүшү жөнүндө фундаменттик билимдин жоктугунда, башкаруусунда жоктугунда болуп жатат. Сабатсыздарды башкаруу оңой. Ошондуктан кыйындын кыйндары бизге жат жана жалган болгон башкаруунун концепцияларын таңуулап жатышат. Бизди колдонушуп концепцияларды сынап көрүп, саясий жана социалдык эксперименттерди жасашты.

Башка коңшу мамлекеттерден айырмаланып, бизде 2005-жылы, 2010-жылы баарын карап чыгып, кайра башынан баштоого, туура жолдон жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болгон.  Бирок система туура багытты тандап ала тургандарга мүмкүнчүлүк берген жок. Либералдык окуу мезгилинде команда түзүүгө мүмкүн эмес. Анткени  команда максаттуу окуунун (идеологиянын) негизинде гана түзүлөт. А либерализмде коллективдүүлүктөн индивидуалдык жекелик жогору туруп, ар ким өзү үчүн гана аракет кылат.

Мекенчилдер саясатчылардын, мамлекеттик аппараттын бийлигинин кызматкерлеринин арасында жана башкаруусунда, серепчилердин жана жарандардын ортосунда жетиштүү. Алар бул же тигил тармактардын жакшырышы үчүн орундуу сунуштарды беришүүдө. Кимдир бирөө айыл чарбада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо ж.б. чөйрөлөрдө жакшы ойлорду сунуш кылышууда. Бул сонун көрүнүш жана алардын ушундай кадамы үчүн таазим этемин. Бирок анын баары куру убаракерчилик. Эмне үчүн? Себеби, анын баары системасыз, өз алдынча жана эң негизгиси өнүгүүнүн жалган концепциясына таянган. Ошондуктан бир орунда жылбай турабыз. Эгер үй өрттөнүп жатса, терезени же эшикти оңдоо пайдасыз. Эң заманбап ооруканаларды куруп, аларды заманбап техника менен жабдып, башкаруунун маанисиз, эски системасын калтырсак, тиешелүү кадрларды даярдабасак, анда курулгандын баары талкаланат. Алгач, биз эмнени каалай турганыбызды так аныктап алуубуз зарыл. Эгер үй куруп жатсак, анда долбоор: аянтынын көлөмү, каббаттулугу, стили ж.б.у.с. түзүлүшү керек.

Мамлекеттик башкаруунун деңгээлинде да мына ушундай. Эң биринчи кезекте биз кандай мамлекетте жашагыбыз келет: максаттарды, кыялдарды, өлкөнүн келечегин дүйнө таанымды, өлкөнүн келечегин так аныктап алуубуз кажет. Максат функцияларды, функция милдеттерди, милдет-команданы жаратат. Команда планды даярдайт, аткарат, жыйынтыгы үчүн жооп берет.

Ал эми биз үйдүн долбоорун тактабай туруп, терезе, эшик куруп жатабыз, анын ал тургай фундаменти да жок.  Аны менен бирге жумушка биз куруучуларды эмес, туугандарыбызды, досторубузду алып жатабыз. Ошон үчүн анын баары талкаланат. Ал эми фундамент-мамлекеттин максаты жана коомдун дүйнө таанымы.

Коммунизм доорунда эл адамзат үчүн Жаркын келечекти- “Коммунизмди” куруп жатышкандыгын билишчү. Кытайлар ийгиликке жетишкен, себеби баары “Сяокан” планы боюнча кеткен: Коомдун жыргалчылыгы же Төмөнкү бакубатчылык. Аталган план 2019-жылга чейин созулуп, эми алар Адамдардын тагдыры бириккен элдердин жамааттарын (“Датун”-коомдун идеалдуу абалы) куруп баштады. Кытайдын дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлору бар. Түркиянын “Кызыл халифат” аталышындагы дүйнөлүк долбоору болсо, америкалыктар “Жаңы Вавилонду” куруп жатышат. Эң негизгиси ушул. Негизгиси дүйнөлүк масштабга же өлкө деңгээлинде, жок дегенде регионалдык деңгээлдеги долбоорду такташ керек. А бизчи? А биз өндүрүштү жогорулатуу, өндүрүштү кеңейтүү, реформаны тереңдетүү, системаны кынтыксыздандыруу, сапатты жакшыртуу же болбосо, “энергетиканы, айыл чарбаны, тоо өндүрүшү жана туризмди өнүктүрүү” жөнүдө сөз кылабыз.

Булар максат эмес, бул элдин жүрөгүн элжиреткен каражат, алар эл менен бийликти бириктирбейт. Элге экономикага миллиардаган инвестиция салуу жана айлык акынын жогорулашы жөнүндө убада бербей, кыялданууну, идеяларды, максаттарды берсе, эл артынан барат. Бул убадалар “адам картайганда өзү жана балдары кандай өлкөдө жашайт?” деген суроолорго жооп бере албайт. Бул мамлекеттеги бардык инвестициялык долбоорлордон маанилүүрөөк. Андыктан, инвестиция тартуу үчүн болгон биздин аракетибиз-эң негизгиси эмес. Албетте, бул керек, бирок ал элдин баарын бир муштумга бириктире албайт. Кыргыз кыялын аныктоо кажет!

Үй өрттөнүп жатса, эмне кылуу керек? Өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүш керекпи же күйүп бүткөндөн кийин жаңысын куруу кажетпи? Эмне болсо дагы мамлекеттин максатын жана дүйнө карашынан баштоо зарыл (адамдардын баалуулуктары жана принциптери, этикети менен алардын бийлик менен өз ара мамилеси). Рухий-адеп-ахлактык, этикалык баалуулуктар нормалдуу үй куруу үчүн фундамент болуп саналат. Ошондон кийин гана реформа жүргүзүү мүмкүн.

Мээсинде акча гана болуп, баарын өз пайдасына гана өлчөгөн чиновниктер менен кантип реформа жүрөт? Ыймансыз, өзүнө-өзү кызмат кылган жана арам жол менен жүргөн адамдардын тобу менен кантип реформа жүргүзүү жөнүндө сөз болот? Адамдарды бир гана адеп-ахлактык баалуулуктар (дүйнөтааным) боюнча гана оңдоого болот. Кээде динге киргизилгендей, б.а., мажбурлоо жолу менен киргизүү керек. Ошол эле коррупцияга каршы күрөш дүйнөтаанымга байланыштуу эмеспи. Чиновниктер да пара алуунун алдында баарын мээсинде иштеп чыгышат. Алар параны буту же курсагы менен албайт го. Баары мээде, ойдо туулат эмеспи? Алардын мээсинде эмне бар? Ал жакта акча гана бар жана бул биздин азыркы дүйнө таанымыбыз. Акча ишкердүүлүктүн, байлыктын, таасирдин жана коопсуздуктун ж.б. негизги өлчөгүчү болуп калды. Бул көз караш эгемендүүлүктү алгандан кийин, коммунизмдик идеологиядан либерализмдик идеологияга келгенден соң орун алды. Либерализм идеологиясы элди социалдык жоопкерчилиги төмөн болгон түнөргөн, сүр массага айлантты.

Демократиялык укук элдин моралдык жактан бузулуусун, жаштардын адеп-ахлактык жактан төмөндөшүн, маданиятсыздыгын шарттады. Жашоонун либералдык бузуку мотивациясынан улам И. Раззаков, С.Чокморов, Б. Бейшеналиева, Т. Сыдыков, А. Осмонов, Б. Миңжылкиев өңдүү генийлерин кайра жаралбайт, бирок сырттан айдалган маанисиз “бадага” айлантат. Либерализм жогоруда айтылган генийлерди эч качан жарата албайт.

Биз коммунисттик идеологиянын кайтып келиши жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз, бирок анын көптөгөн баалуулуктарын кайтарууга болот, анткени алар либералдыкка караганда гумандуу болгон. Жалпысынан, кандайдыр бир идеологияны таштап, жүрүм-турум этикасын, үй-бүлөгө, улуттук үрп-адаттарга жана каада-салттарга негизделген этиканы орнотуу керек.

Эгерде либерализм аяктаса, анда боштондук мейкиндиги туура баалуулуктар жана принциптер менен толтурулушу керек, антпесе ыйык жай эч качан бош болбойт. Эгер биз дагы деле аңкайып туруп калсак, дагы башка жат бир идеология келет. Бүгүнкү күндө коомдук аң-сезимдерди телефон, интернет, башкача айтканда, ушул шаймандар аркылуу берилүүчү маалыматтар түзөт. Советтер Союзу кантип ураган? Бирөө кол салган же согуш болгон эмес го? Муну сыналгы (телевизор) жасаган. Ошондуктан, бүгүнкү күндө эң жогорку тактыктагы куралдар гаджеттердин алдында алсыз.

Эгерде либералдык демократиялык система тарыхта калып кетсе,  анда анын куралдары жана стандарттары да тарыхта калат деп эсептөө керек. Биз ошону түшүнүп, тиешелүү чараларды көрүүбүз зарыл. Советтер Союзу кулаганда алар бизден сураган эмес, эми дагы сурабашы мүмкүн. Ошондуктан бийликтин моделин өзгөртүү, жаңы, жогорку моралдык рухий баалуулуктар тутумун киргизүү шашылыш иш. Либералдык экономика, либералдык маданият, парламенттик система, саясий партиялар жана башка институттардан баш тартуу керек. Мисалы, саясий партияларды алсак. Эмне үчүн? Себеби ар бир тешиктен алардын мурундары көрүнүп турат жана азыр бардык деңгээлдеги шайлоолорго даярданып, адамдарды мүмкүн болгон бардык бөлүп жатышат.

Ушул тапта бардык саясий партиялар-элдин жана өлкөнүн көйгөйлөрүнүн негизинде өз бизнестерин жасап алган бизнес-структуралар.  Ал эми саясий партиялардын мүчөлөрү "партиялык" ишмердүүлүктү акча табуу же мансапка жетүү жолу катары түшүнүшөт. Партия деген ушул. Эреже катары, адамдар партияларга бир гана шайлоо мезгилинде биригишет, шайлоодогу жеңиштен кийин араздашуу жана кулоо башталат. Урааны “Эң жакшысын танда!".

Бардык партиялардын программалары либералдык идеялар жана стандарттарга толгон, алда качан актуалдуу  болбой калган болсо, эмнени тандоо керек? “Короновирус” менен “Холеранын” ортосунда тандоо болуп жаткан сыяктуу бул партиялардын бардыгы өлгөн коомду жана мамлекетти сактап калуу же орнотуу ниети менен бирдей деген маанини түшүндүрөт.

Либерализм-эркин рынокту орноткон жана күчтүүлөр алсыздарды ырайымсыз кыйраткан система. Бул жапайычылык. Ал кандайча керек? Экономикалык чөйрөдө биз капитализмден рыноктук мамилелерди, ал эми социализмден - пландаштырылган экономиканы алып, алардын принциптерин бириктирип, пландаштырылган рынокту түзүшүбүз керек. Жакында ушул нерсе болот. Бул эң сонун. Мүмкүн, мунун баары сырттан келгенге чейин күтүп отуруунун кажети жоктур. Балким, өзүбүз баарын жасасак кантет? Кытайлардан биздин эмнебиз кем?

Биздин башкаруучулар билбеген дагы бир  мыйзамченемдүүлүк-парламенттик өлкөгө соо инвестиция келбейт. Мындай өлкөлөргө шылуундар келишет, анткени алар бийликтин алсыздыгын жана эң негизгиси убактылуу экендигин билип, андан пайдаланышып, алдамчылык менен алектенүүгө болоорун билишет. Эгерде мамлекет башчысынын дагы бир конституциялык мөөнөтү болсо, анда олуттуу инвестор ал өлкөгө өзүнүн акчасын салбайт. Себеби, инвесторго бийликтен кепилдик жок болгондуктан, ал 3-4 жылдан кийин бийлик алмашып, инвестициялык климат олуттуу өзгөрүшү мүмкүн экендигин билет.

Инвестор инвестицияланган акчаны кайтарып алышы үчүн, бийлик туруктуу жана шарттар жетиштүү болгон жерге барат. Парламенттик демократияны тандоо-өлкөбүздүн өтө чоң катасы. Бул моделди ким тандады. Элби? Жок, бул Текебаевдин, Отунбаеванын элге таңуулаган тандоосу.

Эгерде парламенттик демократия, либерализм, биздин либералдар айткандай, биз тандап алган нерселер мыкты болсо, анда эмне үчүн Кытай дүйнөдөгү №1 экономиканы кабыл албайт? Демократияны жактагандардан сурап көрөлү, сиз Кытайда демократиялык өкмөттүн орнотулушун, аны менен бирге бардык жарандар саясий жана жарандык укуктарга ээ болушун, мисалы, саякатка чыгуу, өлкөдөн чыгып кетүү жана эркин кайтып келүүгө укуктуу болуусун каалайсызбы? Эмне болот? 5 миллион калкы бар биздин өлкөгө 10 миллионго жакын кытайлар көчүп келишет. Каалайсызбы? Жок, кереги жок? Бизде демократия боло берсин, бирок Кытайда эмеспи? Же айрым өлкөлөрдө гана либерализм жакшы болушу мүмкүнбү? Космополиттер каалашса керек, анткени алар бардык элдерди бир улутка бириктирүүнү каалашат. Ойлоп көрсөңүз, кытайлар кыргыздарды ассимилияциялаштырып жатышат. Бул демократия.

Жогоруда айтылгандардын себептери жана кесепеттери жөнүндө. Себеби, либерализм, анын кесепети - глобалдык системалык кризис. Кризистен чыгуунун жолу - Жаңы дүйнөлүк тартип.  Ага баруу үчүн катуу таасирлер (согуштар, эпидемиялар, табигый кырсыктар ж.б.) аркылуу өтүү керек. Ооба. Мыкаачылык. Короновирустун максаты - инструменттердин бири катары Жаңы дүйнөлүк тартипке өтүү. Жаңы дүйнөлүк тартип - бул баалуулуктардын жаңы тутуму, адамдын табият менен, өзүнүн түрү менен болгон мамилесинин жаңы эрежелери, коомдун жана мамлекеттин жаңы адилеттүү уюму.

Эгерде мурда эпидемия айрым региондорго (Африка - Эбола, Азия - куш тумоосу ж.б.) таасир эткен болсо, анда короновирус бүт планетаны, бүт адамзатты каптап калды. Кудайдын өзү, Табияттын өзү адамзаттын тазалануусун баштады. Вирус эмне үчүн планетанын бардык жеринде адамзат ойгонуп, ой-сезимин өзгөртүп, негизги нерселерди түшүндүрүшү керек? Вирус адам үйдөн чыкпай, үй-бүлөсүнүн чөйрөсүндө, балдардын, ата-энелердин жанында ойлонушу үчүн шарттарды түздү. Ресторандарда,  ызы-чуу чогулуштарда сыра ичип, маанисиз сүйлөшүүлөрдүн ордуна адамдар үй-бүлөсүнө кайтып келишти.

Бүткүл дүйнө жүзүндө идеологиялык, рухий кайра куруу башталды. Ал эми коронавирус маяк катары, акча негизги нерсе болбой турган жаңы жолду көрсөтөт. Коронавирус дүйнөнү материалдан руханийликке, ак көңүлдүүлүккө, ынтымакка, жамаатка, сергек жашоо образына бурат. Вирус бизди тазалык, гигиена, тартип, адамдын жашоосу жөнүндө ойлонууга түртпөдүбү? Азыр адамдар убакытты, ден-соолукту, үй-бүлөнү, жумушту, тууган-туушкандарды, табиятты баалашып, нан менен тамак-ашты убал кылышпайт. Кризистен улам биздин ден-соолугубуз жакшырып, сымбаттуу, акылдуу жана боорукер болобуз.

Биз алдыда вирустун коррупцияга, жапайы, адилетсиз атаандаштыкка кандайча сокку урушун көрөбүз. Бирок бизде айыл чарбасын, мал чарбасын жана багбанчылыкты кескин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Дайыма тамактангыбыз келет эмеспи.

Коронавирус - адамзатты жаратылышты жана өз түрлөрүн андан ары ырайымсыз эксплуатациялоодон сактап калуу үчүн курал. Биз жаратылышты, өсүмдүктөр дүйнөсүн жок кылдык; биз айыгышкан түрдө мунайды жана газды аёосуз сордуруп алдык; жерди жардырып,  алдынан алтын жана башка пайдалуу кендерди казып алдык, ушундай пандемияга татыктуу эмеспизби? Жер ыйлап, кансырап жатат.

Планета таштандыга, топуракка толуп, булганып, жер катастрофага кептелди. Жаныбарлар дүйнөсү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Долларды колдоо үчүн жергиликтүү согуштар тынымсыз жүрүп турат. Терроризм, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалдар - дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү көрүнүшү. А ядролук согуш коркунучу? Адамдардын жаман иштери жөнүндө: сойкулук, баңгилик, зордук-зомбулук, кыргын, бир жыныстагы нике-мунун баарын эмне менен түшүндүрсө болот? Бул эски дүйнөлүк тартип.

Кандай гана иш болбосун, жаман болсо дагы, жакшы нерсени издеңиз. Коронавирус адамзаттын андан ары ыдырашына жана ири масштабдуу ядролук алааматтын келип чыгышына жол бербейт. Бул өтө зарылдык,  мүмкүн болгон эки чечимдин бирөөсүн тандап алуу мүмкүнчүлүгү. Жакында дүйнөнүн саясий картасы өзгөрүп, айрым өлкөлөр, кээ бир идеологиялар, диндер ж.б. жок болот. Дүйнө көз алдыбызда өзгөрүп жатат, биз буга күбөбүз жана катышуучубуз.

"Малчылар" ар дайым адамдык “бодо малын” башкарып келген, ал эрежелер эскирди, “бада” көзөмөлсүз болуп, коркунуч жараткан, ошондуктан биз жаңы “санариптик бадага” өтүүдөбүз. Бул канчалык оор болсо да, эң башкысы-эрежелер жакшыраак жана адилеттүүрөөк болоору көңүлдү жооткотот.

Жаңы дүйнөлүк тартиптин маңызы жана мазмуну, максаттары жана милдеттери белгилүү, андыктан буга даярданып, маанисиз либералдык реформаларды улантууну токтотолу. Алдыда дагы эле дүйнөлүк банк тутумунун, акча-каржы дүйнөсүнүн кулашы турат. Андыктан көп нерсени көрүп, баштан өткөрүүгө туура келет ...

Гулжан Шерипбаева, NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору

Последние новости