www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин баамымда Үмүт эжеге буюртма менен ушундай абалга кептеп койгондой сезилип жатат. Азыр коррупция менен күрөш десе эле, өз жанын эптеп багып, ишин илгерилетип жаткан журналисттерге да чабуул башталды. Бул туура эмес, Кушбакова 5 адам болсо дагы кызмат орду менен камсыздап келе жатат. Жогору жактагылар коррупцияны журналисттерден эмес, 30 жылдан бери мамлекетти сазга тыккан, тарых музейиндеги «кишенеген» жыгач атты, ТЭЦти, Кытайдан карыз алып бүтүндөй кыргыз элинин мойнуна илип кеткен аткаминерлерди, 1 сомго сатылган «Кыргызгазды», Дача-СУну, Кыргызстанга бир тыйын салык төкпөгөн «Кумтөрдү» ж.б.у.с маанилүү маселелерди көтөрүп чыкса болмок....Чындыктын убагында айтылганы жакшы, жогорку көрүнүш ички тирешүүдөй туюлуп жатат.

Кыскасы, азыр Үмүт Кушбаковадан башка чечилбеген маселе толтура, бул тууралуу журналисттер арасында ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Кызыгы, «бири ырас болду» десе, бири «УКМК 1000 долларга да кармайбы?» – деп, таң калышууда. Андыктан ким болбосун, адамдын башына оор иш түшүп турганда табалаганга болбойт, кайтар дүйнө деген бар, бат эле бул көрүнүш өзүңдүн башыңа келип калат, деги койчу Кудайдын дагы сабырын түгөткөндөйбүз. Үмүтай эжеге сабыр, бийликтегилерге адилеттүүлүк каалайм. Анткени бул күндөр аманат, жакшылыкты билүү үчүн, артты кылчайып тез-тез карап туруш керек. Бийликке да, бул дүйнөгө да эч ким тирек болгон эмес!

Булак: Майдан.kg

Последние новости