www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору М.Хармс менен жолугушту, анда Германиянын ушул таасирдүү экономикалык уюму менен 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы аралыкта коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал толугу менен турукташат деп үмүттөнүштү. Буга байланыштуу, ушул жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жандандырууга багытталган иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен пландар белгиленди.

Ошондой эле, Элчи Э.Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда Европа Бирлиги-Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берип, ага Германиянын ишкер чөйрөлөрүн активдүү катышууга чакырды.

Маалымат үчүн: Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети - Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Германиядагы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости