www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда Искусство институтундагы жемкорлук тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына маалымат берген жаш актер иштен алынганын билдирди.

Бир жылдан ашык убакыттан бери Тажик жаштар театрында иштеп жүргөн 26 жаштагы Шахбоз Саидов өткөн жылы күзүндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, Искусство институтунун жетекчилиги андан пара талап кылганын билдирген.

«Мен 2018-жылдан бери бул институттун магистратура бөлүмүнө тапшыра албай жүрөм. Менден 2 500 сомони (240 доллар) берсең өтөсүң деп айтышты. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктагандыктан, акча бергим келбей Коррупцияга каршы агенттикке кайрылдым. Алар акча алып жаткан жеринен кафедранын катчысы менен окуу жайдын дарыгерин кармашты», — деди Саидов.

Ал бул окуядан кийин театрдын жетекчилиги ыңгайлуу учур болгон сайын анын укук коргоо органдарына кайрылганын эске салып, аны улам-улам «чыккынчы», «саткын» деп атай баштаган.

Театрдын директору Сухроб Мирзоев Саидовду эч ким кемсинтпегенин айтып, анын иштен алынышына ортодо түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганы себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, Саидовго алты айга келишим түзүү сунушталган, бирок актер бир жылдык келишим талап кылган.

Саидов алгач чынында эле бир жылдык келишим талап кылганын, кийин алты айга келишим түзүүгө макул болгонун, бирок театр жетекчилиги кайра өз сунушунан баш тартканын билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости