www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдөгү маселени көтөрүп келген адам 18 млрд.$дык алтын запасы турса деле «алтын калбай калды» деп айтканы туура эмес», - дейт жарандык активист Гүлжигит Исаков. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Садыр Жапаров, Кумтөрдү көтөрүп келген адам катары 18 млрд.$дык алтын запасы турса деле «алтын калбай калды» деп айтканыңыз көптөгөн суроолорду жаратууда. «Сабырдуу бол, президент боло элекмин» дейсиз...Анда сиз дагы сабырдуу болуп, «алтын калбай калды» дебей турбайсызбы?

Бирөө сизге кыстап айттырдыбы же?

Өзүңүз айтып жүргөнсүз, эң эле кеминде 953 тонна алтын запасы бар деп. Азыр 300 тоннанын тегерегинде эле запас калды деп расмий айтылууда. Расмий казылып кеткен алтын запасы менен калдыкты кошо келсек, ортодо айырма чыгып калууда!

УКМКда өз кишиңиз отурат. Кыймылды дароо баштабайсызбы? 1-2 айда жасайм деген убадаларыңыз бар болчу. Ошолорду баштаган жоксуз. Эмне үчүн?

Булар түз суроолор. Түз жооп бериңиз жекеликке өтпөстөн.

Куран кармап, публиканын алдында жооп берем десеңиз, андан дагы жакшы болот.

P.S.: Кумтөрдө алтындан башка чыккан кен байлыктарды дагы айтып жүргөнсүз. Ошолорду дагы чечиңиз. Коруктун эсебинен 16 000 гектарга жакын жер боюнча али сөз кыла элекпиз. Ал жерде алтын бар жана башка кен байлыктар дагы бар!», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости