www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев энергетикадан уурдаган акчаны эл төлөп берип жатат. Мындай пикирди энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “NazarNews” маалымат агенттигине маек учурунда билдирди.

--“Чындыгында Кыргызстанда энергетика тармагы банкрот боло турган эмес, тескерисинче кирешелүү тармак болушу керек эле. Энергетика  коррупционерлердин азабынан азыр аянычтуу абалга кептелип отурат. Ошон үчүн техникалык экономикалык аудит жасап, энергетика тармагын кыйроого учураткан коррупционерлердин атын ачык аташыбыз керек. Суу башында адам бай болот дейт, бизде тескеричсинче болуп жатканы өкүнүчтүү. Кыргызстандын энергетикасы суу энергетикасы менен көрсөтүлгөн. Ал эми жалпы энергетиканы алсак, Кыргызстан энергетика боюнча 80 пайызга көз каранды. Бул 700 миллион долларга башка мамлекеттерден көмүр, суу газ, мазут, күйүүчү май жана башкаларды алып көрсөк, 1миллиард долларга жакын башка мамлекеттердин экономикасына жөнөтөбүз. Буларды эл төлөп берет. 30 жылдан бери энергетика тармагында көз каранды өлкө боло алган жокбуз. Себиби, эски контурдан чыга албай койдук. Ушунча жылдан бери көп өкмөт башчылар келди, бирок эски системадан чыгарып, өзгөртүү киргизген жок. Себеби, бул өзгөрүүнүү өкмөт башчылар колго алышы керек болчу. Учурда көйгөй көп, суунун көлөмү аябай аз. Токтогул суу сактагычында өзүн эксплуатация кылыш үчүн атайын регламенти бар. Жылда Токтогул суу сактагычына келген сууну 12 миллиард куб суудан түшүрбөш керек. Экинчиден кыш бүткөн учурда 1-апрелде суунун көлөмү 12 миллиард кубометрден төмөн болбошу зарыл. Тилекке каршы бизде 9 миллиардга чейин суу түшүп кетет.  

Алмазбек Атамбаев 2010-2011-2012-жылдары  электр энергиясынын 1 кВт саатын 2,8 центтен ортомчул компанияларга сатышты. Чынында дүң баасы 5 центтен  кем болбошу керек эле. Беш жылдын ичинде экспорттон эле 10-15 млрд. сом сол чөнтөккө кетип, мамлекеттик электр тармак кирешесиз калды. Кыскасы, ортомчул компаниялардын арзан  алып, пайда табууга  кызыгып калганынын кесепетинен суунун көлөмүн түшүрүп салышты. Техникалык эрежелерди эске албаганыбыздын айынан, сууну көп коротуп алып,  деңгээлин көтөрө албай жатабыз. Чынында 2 миллиард кВт сааттан ашык экспорттобошубуз  керек. Атамбаевдер жаратылышка жүктөп коюшту, кургакчылык болду деп жаратылышка шылтап коюшту. Анан Казакстандан кымбат баада сатып алып, ал карызды элге жүктөп койду. Элге тарифти 2 сом 16 тыйынга көтөрүп кыйнашты. Ошондон бери байкуш эл төлөп келе жатат. Мына Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагы жакындары энергетикадан уурдаган акчаны эл төлөп берип жатат”, - дейт Карыбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости