www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюткулуу орун алып тарыхтан

Улут элек улуу жолду карыткан

Ушул күндө уяты жок эл болдук

Уурулардын этегине жабышкан

Кыргыз элек намыс менен жаралган

Кылымдарга калчу жолду жараткан

Кадыры жок, Кудай урган эл болдук

Кылмышкердин колтугунан жай алган

Эгер биздин ата-бабалар намыска бек, эч кандай душманга сынбаган, артында кала турган урпактарын ойлогон күчтүү адамдар болбогондо, биздин үч миң жылдык тарыхыбыз да болбойт эле. Алыска барбай эле, жаныбыздагы коңшулардын тарыхын өзүбүз менен салыштырып көрүп, бир азга ойлоно турган мезгил келди.

Жылдан жылга жакшы жакка эмес, тескерисинче жаман жолго түшүп, өтө эле майдаланып, а түгүл кээде мээсинен айрылган манкурттардай кыргыздарга түк жарашпаган адаттарыбыз пайда болду. Мисалы:

-Акаевдин он беш жылынан кийин очоюп, көчүгү менен жер тиреп олтуруп калган бечара өлкөбүздү беш жылда бутуна тургузуп койгон Бакиевди көз көрүнө, адамдык сапаттарыбызды сыйрып салып кууп жибердик. Кайсыл доордо кыргыздар жакшы ханын жаман деп, жалаага жыгып, башка элге өткөрүп берди эле. Бул намыс.

-Алты жыл өлкө башкарам деп, өзү жана өзүнүн айланасындагы бир топ тойгонун билбеген ачкөздөрдү байытып, ал эми карапайым элдин мойнуна дээрлик 1000$дан карызды илген Атамбаевди Кой-Ташка барып, эки ай коргоп жатып алдык. Мамлекеттин ичинде бир топ террористерден турган кичинекей «мамлекет» түзүп эл бөлгөн айбанды алигече колдогон макулуктар өтө көп. Өзүбүздүн балдарыбыздын келечегин уурдаган ууруну, 7-апрелде, Түштүк коогалаңында, Дача Суда, Кой-Ташта өз элинин канын төккөн канкорду хан сарайда кожодой колдогонубуз бул айтып бүткүс намыс. Болгондо да дүйнө жүзүнө уят болгудай шермендечиликке тең келген намыс.

-Алыска барбай эле эки ай мурун, так айтканда 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодогу кылган жоруктарыбыз-бул биздин таптакыр эле оңолбой турган бузук жолго түшүп алганыбыздан кабар берет. Кудай уруп: отуз жылдык жашообузга өзүбүз нараазы болуп, бийликтегилерди каргап, депутаттарды күн сайын боктоп, тыным жок какшап келип, шайлоо маалында ошол өзүбүз каргаган, боктогон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын арам акчаларын алып, өтө чоң добуштар менен шайлап алдык. Бул намыс эмей эмне. Өзүбүзгө өзүбүз душман эмей кимбиз? Отко айдаса бокко качкан эл мына-бизбиз.

- 2010-жылы УӨттүн бүлүндүргүч бузакыларын ээрчип, куйган арагына тоюп мас болушуп, колдоруна курал алышып ак үйгө баргандарды, кызматын кылып жаткан жоокерлерди токмоктоп, алдынан чыккандын баарын өрттөп, митинг бүткөндөн кийин шаарды тоногон мародерлорду «баатыр» деп алдык. Кыргызстанда баатыр деген улуу сөздүн баркы кетти. Каяктагы бетин жуубаган, көчөдөгү иштен качкан дармоеддерди баатыр деп, илгертен бери кыргыз тарыхында даңазаланып келе жаткан чыныгы БААТЫРЛАРЫБЫЗДЫН эстелигин, элесин булгап алдык. Мискенбаевдерди Чолпонбай Түлөбердиев менен тең кылдык, Осунбек Жамансариевдерди Дүйшөнкул Шопоковдор менен катар койдук. Баарынан да, өсүп келе жаткан муунду баатыр деген сөзгө эч кандай деле маани бербей турган кайдыгер байкуштарга айлантып койдук. Ким эле Мискенбаевдей баатыр болгусу келсин? Бул нерсе келечекке өтө жаман таасир эте турган намыс иш.

- Акырында айтарым: мына эми ушул күндө өлкөдөн качып сыртта жүргөн, кыргыз улутунун кызыкчылыгын уруп ойнобой, тескерисинче Американын кызматын аткарган, эки жылдан ашык убакыттан бери башка кыларга иши жок, Атамбаевдин заказы менен бир гана Райымбек Матраимовду чукуган Али Токтакуновду бүгүнкү күндө жугундукорлор улуттун патриоту катары макташып, көчүгүнө пахтаны аябай коюшуп, асманга чыгарып жатышат. Эгер Али Токтакунов 2010-жылдагы 7-апрелди, же болбосо Ош коогалаңын, Дача Су, ТЭЦ, музейлерди иликтеп ачыкка чыгарса, өлкөдө толуп-ташып жаткан коррупционерлердин бир четинен бетин ачып салса, анда элден мурда Алини мен мактайт элем. Ал эми Токтакуновдун таап алганы жалгыз Райымбек болуп калды. Аны да өзүнүн инициативасы менен текшерип баштап, ачыкка чыгарса мейли го. Райымбек Матраимов таможняда кандай коррупциялык иш кылбасын, ошол баардык иштерде Атамбаевдин, Кулматовдун колу, тиешеси бар. Таможнядагы арам схема Акаевдин убагынан бери келе жатат. Ошондуктан Атамбаев, Кулматовдор Райымбектин ар бир кылган ишин, кыймылын бүт билишкен, кошулуп жешкен. Атамбаев Али Токтакуновго бүт өзүнүн арам, ыплас иштерин берип, Алиге жол көрсөтүп, байланып турган жеринен агытып: «Алакүш» деп Райымбекке карай коюп жиберди. Али Токтакунов иликтөөсүндөгү бир да кылмышты өзү ачкан эмес. Баардыгы Атамбаевдин көрсөтмөсү менен болгон, себеби Алинин андай схеманы ачышка мээси жетпейт эле. Чет жакка качканда үй бүлөсүнө да карабай, өзүнүн шкурасын сактап качып чыгып кеткен коркок, кайдан жүрүп бир жакшы иш кылсын. Али окшогондор жалаң акчага иш кылышат.

Бекеринен 10-октябрь күнү Прагадан саргайып келе албай жүргөн Али, бир түндө жетип келип, Атамбаевдин колтугунан орун алып калган жок да. Мына эми ушул заказ аткаргыч, болгондо да түркүн кылмыштарга шектелип түрмөдө жаткан кылмышкердин заказын аткаргыч жугундукор Алини кыргыз элинин патриоту дешип жатышса, бул жакта туруп намыска күйөсүң адам. Аферист Саймаитиден 100миң доллар алып, арам иштерге аралашып жүргөн Али бүгүн жугундукорлордун баатыры болуп калды.

Мына урматтуу окурман, биздин оң жолго баспай, тескери карай кетип жатканыбызды, жогоруда мен келтирген мисалдардан билсек болот. Качан баатырды азамат деп, акылдууну көсөм деп, сөз тапкычты чечен деп, сөз кураганды акын деп, элди ээрчите билгенди лидер дегенибизде туура жолго түшөбүз. Кылмышкерди коргоп, туулган жерге келе албай сыртта жатып үргөн итти патриот деп, ууруну өзүбүздүн уул деп, жемкордун арам акчасын алып шайлап жүрсөк эч качан оңолбойбуз. Келечек муун бир убактарда бизди каргайт. Бизге ушул керекпи?

Шамурза Бөрүкулов. 2020ж.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости