www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өтө турган парадга барбай турган болду. Бердымухамедов өз чечими тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телефондон кабарлады.

Белгилей кетсек, Бердымухамедов парадга катыша албай калганы үчүн өкүнөрүн билдирип, Москвада өтчү салтанатка Түркмөнстандын коргоо министри Бегенч Гундогдыев башында турган өкмөттүк делегация бара турганын кошумчалаган.

Ал 29-июнда 63 жашка толуп Мухаммед пайгамбардын жашына чыгарын, түркмөндөр үчүн бул күндү жакындары менен өткөрүү маанилүү экендиги менен түшүндүргөн. 

Эске сала кетсек, ушул жылы Орусияда Жеңиш күнү 9-майдан 24-июнга жылдырылган. План боюнча Путин Кызыл аянттагы трибунада согуштун катышуучулары менен болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости