www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-июнь күнү саат 11:20 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги каналдан болжол менен 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган Ош ШИИБнын ыкчам иликтөө тобу маркумду кароо учурунда денесинде айрым сырткы таасирден улам пайда болгон жараттардын бар экендигин көрүшкөн. Мындан улам тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

“Ушул эле күнү маркумдун өздүгү аныкталып, ал 42 жаштагы Ош шаарында адвокат болуп иштеген К.Т. экендиги белгилүү болду. Анын үйдөн чыккан боюнча дарексиз экендигин туугандары 12-июнда милицияга кабарлашкан эле. Адвокаттын денесиндеги тактар жана сууда кийимчен абалдагы жансыз денеси шек туудуруп, иликтөө иштери башталды”,- деп маалымдады Ош ШИИБнин басма сөз кызматы.

Жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында аталган башкармалык тарабынан маркумдун өлүмүнө шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 42 жаштагы жаран кармалган.

Колго түшүрүлгөн шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, 12-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи шаарчасындагы 102-каттамдын акыркы аялдамасында маркум экөөнүн ортосундагы келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын кесепети адвокаттын өлүмүнө алып келген.

Учурда бул багытта ар тараптуу терең иликтөө иштери жүрүп, күбөлөр суралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости