www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 16-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун жыйырма сегиз жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, өз арызында төмөндөгүлөрдү билдирген: 2020-жылдын 15-июнь күнү саат 12:00 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында жайгашкан ишкердин ишканасына эки бейтааныш киши келип, өздөрүн Коча жана Фурхат деп тааныштырышып, “Завод иштеткениң үчүн общакка отметка доля катары 1000 АКШ доллардан бересиң” деп опузалашкан. Эртеси кайра жолугуп, акча талап кылышып, “Бербесең балдарды жөнөтүп, заводуңду талкалатып саламын деп коркутуп, эртеңкиге 1000 АКШ доллар даярдап кой»  деп кетишкени маалым болду.

Ишкер адам кайрылуусунда өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча арыз Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында атайын тапшырма  берилип,  Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан кафелеринин биринде  жабырлануучудан акча талап кылышкан Сузак районунун тургундары 1992-жылы туулган О.Т. менен 1991-жылы туулган С.У. 50 000 сом акча алып жатышкан жеринен кармалышкан.

О. Т.

С.У.

Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө, өздүк тинтүү учурунда, О.Т. атту жаранга тиешелүү асынып жүргөн сумкасынан опузалап талап кылган 10 даана, бардыгы 5000 сомдук купюралардан турган, жалпы 50 000 сом акча, 1 даана кынга салынган чоң бычак жана анын кийип жүргөн шымынын чөнтөгүнөн болжол менен салмагы 7-8 грамм болгон кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты  бар “Гашиш” баңги каражатына окшош зат табылып алынган. Андан сырткары, анын шериги С.У.га таандык менчик ошол жерге айдап барган “Форд-Мондео” үлгүсүндөгү автоунаасынан кароо жүргүзүлгөн учурда клеёнкага оролгон  салмагы болжол менен 2-3 грамм, машинанын алдынкы сол эшигинин чөнтөгүнөн чай суусундугунун наклейкасына оролгон салмагы болжол менен 4-5 грамм жана андан тышкары салодун ичинен салфеткага оролгон салмагы болжол менен 1-2 грамм болгон өзгөчө жыты бар кара күрөң  түстөгү “гашиш” баңги затына окшош заттар табылып алынган жана далил-буюм заттарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетүүчү жагдай, акча алуу үчүн жогоруда аталган “Коча” жана Фурхат аттуулар келген эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жүргүзүү учурунда мыйзамсыз аракеттердин негизги уюштуруучулурдын бири ал мурда адам өлтүрүү беренеси менен, тактап айтканда, 2009-жылдын март айындагы президенттин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөлүү деп табылган Ауди автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду өлтүргөн деп соттолгон, КРнын ИИМдин уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1985-жылы туулган Д.Ф.  (Фурхат) экендиги аныкталып чыкты.

Ал кылмышка шектүү жаран Сузак районунун  Кара-Дарыя айылында КРнын ИИМнин Шумкар АБПнын Атайын тез чара көрүү отрядынын жана ыкчам кызматкерлердин жардамы менен колго түшүрүлдү.

2020-жылдын 18-июнь күнү КРнын ЖПКнын 98-беренеси менен шектүүлөр О.Т., Д.Ф. жана С. У.  Майлуу-Суу ШИИБнин  УКЖна  киргизилген.

Айта кетүүчү нерсе кармалгандардын баары уюшкан кылмыштуу мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости