www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун тарапташтарына түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын  басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан ЭТУ/ДЭУга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында туулган Ш.М.Н., Х.у.Х., Э.М.Н., Б.Ш.П. (“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун тарапташтары) жана Р.Ж.Р. (“Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун) аттуу жарандар кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү.

Жогоруда аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан КРнын аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында аталган адамдар “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи.

УКМК бул багыттагы иштерди улантууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости