www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган “Хизбут-Тахрир валь Исламия” ДЭУнун “аялдар канатынын” ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басама сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык,  жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, тыюу салынган идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жүргөн, тыюу салынган «Хизбут-Тахрир вал Исламия» диний-экстремисттик уюмунун «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды. 

"Алардын иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында, 2022-жылдын 14-октябрында жана 4-ноябрында 5 жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендигин тастыкталган ири өлчөмдөгү буюм далилдери табылып алынган", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда айыпталуучуларга карата сотко чейинки өндүрүштө зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости