www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Путин менен Абэнин ортосундагы жолугушуунун эң маанилүү беренеси Түндүк Кореянын ядролук куралдарын сыноолору болду.Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки күндүк сапар менен Орусияга барды.
Абэ, сапарынын алгачкы аялдамасы Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.
Путин менен Абэнин ортосундагы жолугушуунун эң маанилүү беренеси Түндүк Кореянын ядролук куралдарын сыноолору болду.
Япония жана шериктештери АКШ, Түштүк Корея жана Австралия, Түндүк Кореянын ядролук курал сыноолорун токтотуусу үчүн Кытай менен бирге Орусиянын кысымын арттырышын каалайт.
Абэ жана Путиндин күн тартибиндеги башка бир тема болсо Япониянын түндүгүндөгү аралдардын статусу.
2-Дүйнөлүк согуштан кийин Орусия тарабынан басылып алынган Сахалин аралдарынын абалы талаштуу маселе бойдон калууда.
Тараптар аралдардагы балыкчылык жана туризм баштаган экономикалык кызматташтыгын арттыра турган долбоорлор менен чыңалууну басаңдатууну максаттап жатат.
Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Орусиядан кийин Европа сапарынын алкагында Англияга барат.
Булак: "trt.net.tr"