www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Негизи акчаны алтынга алмаштырып, сактаган эң туура. Бирок, алтын сатып алгандан кийин, алган каражатты кайдан алдың, кайдан таптың деген маселе жаралбашы керек", - деди бүгүн, 1-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Ибрагим Жунусов.
- Ибрагим агай, президент ар бир валютанын куну качат, алтын гана кунун жоготпойт деп, каражатты алтынга алмаштыруу чакырыгын жасады. Акчасын алтынга алмаштыргандар утабы?
- Туура азыр акчалар адамдардын колунда турат. Аны алтынга алмаштырса, алган адам сөзсүз утат. Анткени, алтын кунун жоготпойт. Президент да бир адам 13 кг чейин алтын алса, аны сыртка сатса болоорун айтты.
Негизи акчаны алтынга алмаштырып, сактаган эң туура. Бирок, алтын сатып алгандан кийин, алган каражатты кайдан алдың, кайдан таптың деген маселе жаралбашы керек. Себеби, ансыз да акчалуу адамдар акчасын көрсөткөндөн коркот.
Ошондуктан, алтын сатып алган акчалар изилденбеши керек. Менимче, чет мамлекеттерде байлыгын доллар менен сактагандар акчасын алтын менен сакташса жакшы болмок.
Булак: NazarNews.kg