www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы бир кызматка илинтип койсо, илээшип иштеп жүрө берген адамдар болот. Алар ишинин жөнүн жакшы билбейт, ошол ишке кантип жетүү жолун жакшы билет. Ибрагим Жунусов деген бир обончу бар эмес беле.

Ал кандайдыр бир жол менен Маданият министри да болуп иштеп турду, анан 4 жыл мурун Түркияга элчи болуп кеткен. Эми ошол “илээшкек” Өзбекстанга элчи болуп Жогорку Кеңеште жактырылды.

Бул жигит элүүгө чыкканда деген эмеспи: “Рыспай акем комуздун бир кылы болсо, Асанкалый акем экинчи бир кылы болсо, мен деген ортоңку кылымың” деп деле эзели күлбөгөн адамдарды айласыз күлдүргөн.

Тиги эки чыгаандын бучкагына тең келбейт дегенден айтып не, өзүнүн баасы менен жүрө берсин да…

Булак: "Багыт"

Последние новости