www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ичкен кудугуна түкүрүп...

КСДП аркылуу, башкача айтканда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен саясатка аралашып, үлкөн кызматтарды аркалаган Дамира Ниязалиева деген айым бар. Атамбаевдин аркасында Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болду. Саламаттыкты сактоо министри, социалдык блокту тейлеген вице-премьер министрге чейин жетти.

Мына ушул Дамира айым өзү суу ичкен кудукка түкүрүп, «Атамбаевсиз КСДП» деген ураанды көтөрүп чуркап жүргөн Сагынбек Абдрахмановго Нарын облусунда жашыруун жыйын уюштуруп берип, каржылаганы айтылды. Көрсө Абдрахмановго окшоп котур ташы койнунда тура. Мынча болгон соң, жашырынбай ачык каршы чыгып, айтчусун айтса жарашмак. Көшөгө артындагы былгыткан иштерим билинбейт десе керек. Мындай жол менен бийликтин көзүнө илинип, кызматка барып каламбы деп жаткан го?

Өткөндө президенттин иниси Асилбек Жээнбеков менен үй-бүлөлүк катышта экенин жар салып мактанып жатты эле. Демек, шамал кайсы жактан согуп жатканы көрүнүп турбайбы?..

Булак: “Фабула”

 

Последние новости