www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Баткенден Бишкеке жөө аттанган карыянын видеосу соц тармактарга тарап кызуу талкууга алынды эле. ЖКнын депутаты Жанар Акаев чындык издеген ал карыяга Ош шаарында жолуккан.

“Баткенден чындык издеп жөө Бишкекке барам деген аксакалга Ош шаарында жолуктум, күч органдарына болгон нааразылыгын уктум. 63 жаштагы аксакал азыр адвокат жалдап, уулунун актыгын далилдөө аракетин көрүп жатыптыр, депутат катары мыйзамдын алкагында ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенимди айттым. Мен эмне үчүн сотторду жана Акыйкатчы шайлоодо элге жакын, адилет адамдарды шайлайлы деп какшап келатам, анткени ушундай адамдарды жөө жалаңдатып көчөгө бастырбай, үнүн угуп, жардам берчү кишилер аз”,- деген эл өкүлү.

Эске сала кетсек, уулун бейкүнөө кармалды деген ата Баткенден Бишкекти көздөй чындык издеп бет алган. Бирок жолдон кайра ойлонуп бурулуп кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости