www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Салык тармагын өкмөт башчысы Абулгазиевдин кол баласы катары таанылган, соцфонддун мурдагы жетекчиси Теңизбек Абжапаров тейлеп жатат.

Бул жигит Соцфондду башкарып турганда эле «эт эмес же чел эмес ортозаар жетекчи катары жалпыга маалым болгон. Анан Абулгазиев «эшегине жараша тушагы» дегендей, өлкөнүн казынасын толтурчу эң орчундуу тармакка алып келди. Кандай максатты көздөсө да, чекилик кадам болгону ошол кезде эле айтылган.

Мына учурда Абжапаров салык тармагынын ашмалтайын чыгарып, ар кимди кызматтан алып, тааныштарын кызматка коюу менен гана алек болуп калды. Албетте, кызматка жөн эле адам дайындалбай турганын эске алганда, Абжапаровдун алакан ысыткан ыраазычылыктардан башы тегеренип жатса керек. Анан салык кызматкери пара алганга аргасыз болот да. Мына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери 80 миң сом алып жаткан маалда колго түштү.

Сыягы, Теңизбек мырза келгенине жыл айлана электе, Салык тармагын коррупциялаштырып жиберген окшойт.

Булак: "Фабула"

Последние новости