www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда Мухаммед пайгамбарды келекелеген христиан аялдын иши каралууда, ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул туурасында Regnum басылмасы жазып чыкты.

Панджаб провинциясынын жашоочусу, христиан динин тутунган Азия Бибиге 2009-жылы Пакистандын Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (динди мазактоо) менен кылмыш иши ачылган. Ошондон бери аял - түрмөдө.

Индиялык «Джагран» газетасы билдиргендей, Азия Бибинин күйөөсү соттун кечиримдүүлүгүнө үмүт артып, өлүм жазасына өкүм кылынган аялынын ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн жолдогон.

Бул Азия Бибинин ишине көңүл кош карабагандардан түшкөн биринчи арыз эмес. Буга чейин Франциянын мурунку президенти Николя Саркози аялга Франциядан саясий башпаанек берерин убадалаган, 2014-жылы Москва Патриархы Кирилл Пакистандын ал кездеги президенти Мамнул Хусейнге аялды күнөөсүн кечирүү өтүнүчүн жолдогон. 

Азия Бибинин иши Пакистанда коомдук резонанс жаратууда деп жазат "Апрель". 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости