www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-декабрь - чыгармалары кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата белгиленген Улуттук адабият күнү. Бул күн улуттун тарыхын, дүйнө таанымын жана адамдык баалуулуктарын чагылдырган чыгармалардын маанисин эске салат.

Ички иштер органдары үчүн да адабият өзгөчө мааниге ээ. Кыргыздын улуу жазуучулары, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мыйзамдуулук, адилеттик, адамгерчилик жана мекенчилдик сыяктуу баалуулуктар ар дайым жогору бааланып келген. Милиция кызматкерлери күнүмдүк кызматын аткарууда дал ушул баалуулуктарды карманып, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону улантат.

Улуттук адабият күнү ар бир кызматкерди руханий байлыкка, билимге жана жоопкерчиликтүү кызмат өтөөгө шыктандырат.

ИИМдин басма сөз кызматы 

Последние новости