www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Йемендин түштүгүндөгү убактылуу борбор шаар Аденде акыркы төрт күндө болгон кагылышууларда кырк жаран каза болуп, эки жүз алтымыш жаран жараланды. БУУнун Йемен кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул тууралуу даярдалган биринчи отчетко караганда 8 - август күнү Аден шаарында чыккан кагылышууларда ушул күнгө чейин кырык жаран каза болуп, эки жүз алтымыш жаран жараланды.
Маалыматта БУУнун Йемен координатору Лисе Гранденин сөздөрүнө орун берилип:
«Йемендик үй бүлөлөрдүн Курман айт майрамында тынчтык ичинде жакындары менен кучакташып убакыт өткөрүүнүн ордуна аза күтүшү абдан капалантуучу абал. Каза болгондордун үй бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз», - дегени билдирилди.
Йемендик жарандардын коргонушу үчүн кагылышуудагы бардык тараптарга эл аралык адам укуктарына байланыштуу укукка баш ийүүгө чакырган Гранде : «Аймактагы үй бүлөлөр жашап калуу үчүн муктаж болгон нерселерине коопсуз жана эркин түрдө жетиши керек. Ушунун негизинде муктаж болгон кишилерге жетүүбүз үчүн жетекчилердин адам укуктары уюмдарына кепилдик беришин талап кылабыз»,- деди.
Йеменде Бириккен Араб Эмирликтери колдогон Түштүк Өткөөл Кеңешине караштуу Хизам Эмни бөлүктөрү төрт күнгө созулган кагылышуулардын натыйжасында кечээ Адендеги Маашик президенттик сарайы менен стратегиялык мамлекет мекемелерин колго алган.
Жетекчилер менен командирлердин Сауд Арабияга таандык ок өткөрбөс унаа менен президенттик сарайынан чыккандыгы билдирилип жана шаардын текшерүүсү толугу менен Хизам Эмни күчтөрүнө өткөн.
Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда жашаган Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади лидерлигиндеги мыйзамдуу өкмөттү кулатуу аракетинде болгон Бириккен Араб Эмирликтери колдогон Түштүк Өткөөл Кеңешинин Хизам Эмни бөлүктөрү шаршемби күндөн бери Аденде өкмөт күчтөрү менен согушууда.
Йеменде 2011 - жылы башталган элдик көтөрүлүштөрүнөн кийин Түндүк жана Түштүк Йемен бириккен 1990 - жылдан мурунку «бөлүнүү» пикирлери кайрадан күн тартибине келиди жана «Түштүк Кыймылы» деген ат менен жикчил бир кыймыл болгон, деп trt.net.tr өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg