www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК жана социалдык тармактарда колдонуучулар жазып жаткан жашы жете элек кыздын сойкулукка туш болгону боюнча иликтөө иштери жүрүп, ИИМ менен Бишкек ШИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин АИС ЖИИБге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси "Жашы жете элек баланы зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголду. Анын негизинде. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-декабрда «Оазис» фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева Фейсбук баракчасына веб-камера бизнесине ( коммерциялык секс индустриясы) алдоо жолу менен тартылган жашы жете элек кыздын апасы (15 жаштагы) кайрылганын билдирген. Ал ошондой эле «ошого карабастан бул иш Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына катталып, кийин жабылганын» жазган. Бирок укук коргоочулардын арызынан кийин иш кайра козголуп, анын жүрүшүнө Башкы прокуратура менен Ички иштер министри Улан Ниязбеков көз салып турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости