www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Оазис Кыргызстан" коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева социалдык тармактагы баракчасына 14 жаштагы кыздын алданып, сойкулукка туш болгонун апасынын сөзү менен жазып чыкты.

Анда укук коргоочу белгилегендей, онлайн интимдик кызмат көрсөтүү бизнесине өспүрүм кызды алдоо жолу менен тартышкан.

"Бизге өспүрүм кыздын апасы көз жашын төгүп кайрылды. Кызга героин жана башка баңгизаттарды күч менен сайып, ар кандай эркектерге, чет элдиктерге өткөрүп беришкен. Дээрлик алты ай бою аны чоң кишилер маал-маалы менен зордуктап, колдон колго өткөрүп турушкан. Бул убакыт аралыгында кыз ар кандай венерикалык ооруларга чалдыккан,Тиштерин сындырып, ар кайсы сауна, батирлерде кармап келишкен. Ал эле эмес, кызды видеого тартышып, видеону эл аралык порносайттарга сатып келишкен. 
Кыздын апасы 2022-жылдын июнь айында Биринчи Май РИИБине кайрылган. Сурак учурунда кыз салондордун бардык даректерин көрсөтүп, кылмышкерлердин аты-жөнүн атаган, бардык протоколдорду жана далилдерди көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертиза кыз системалуу түрдө зордукталган деген корутунду чыгарган, бирок корутунду апасына көрсөтүлгөн эмес. Өспүрүмдүн зордукталып жүргөнүн апасы жеке клиникада жасаткан диагноздон улам билген.

Ушул күнгө чейин тергөөчүлөр телефон чалууларга жооп беришпей, эч кандай чара көрбөй жатышат. Кылмыш иши ачыла элек. Ошол эле учурда эне менен кызды  коркутуп-үркүтүп келишет. Жабыркаган кыз кылмышкерлер башка жаш кыздарды кармап жатканын айтат. Жарым жылдан бери эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деп жазылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости