www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, отузга жакын жарандык активистти камоо менен кыргыз бийлиги Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 12 беренесин бузду деп билдирди. Кечээ күнү бир нече адвокат дагы журналисттер менен жолугуп, митинг даярдап-өткөрүү менен активисттер бир да мыйзамды бузган эмес, анткени митинг уюштурууга Конституция жол берет деген.

Кармалгандардын 17си бир аптадан бери СИЗОдо ачкачылык кармап отурат, алардын туугандары да каршылык акцияларын өткөрүүдө. Бирок маселе – митингдер дагы, бийликке кайрылуулар дагы – баары өз баркын жоготкон. Ошондой эле, журналисттер менен укук коргоочулардын дагы, жарандык активисттер менен саясат таануучулардын да, деги эле кандай болбосун таза саясаттын азыр эч кандай кадыр-баркы жок.

Митинг жана каршылык акцияларынын артынан бийликке келген жетекчилер аны жакшы түшүнөт. Ошол себептен алар – биз демократияны да, парламентаризмди дагы көрдүк, алар иштебейт экен, ошондуктан эми биз иштейбиз дейт.

Последние новости