www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Адахан Мадумаров беш аялдан корккон бийликке түкүрдүм деп айткан.

Кеп бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча камакка алынган активисттер тууралуу болуп жатат. Адахан Мадумаров террорчу катары кармалган аялдарды колдоп, өлкөдө мыйзам иштебей жатканын билдирген.

Мадумаровдун кесиптеши Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин төрагасынан депутатка чара көрүүнү суранды.

«Эртең менен биздин кесиптешибиз бул бийликке түкүрдүм деди. Биз бул бийликтин бир бөлүгүбүз. Ал ошондо, бизге да, өзүнө да түкүрөбү? Сиз, жетекчи катары тартипке чакырууңуз керек. Этияттап сүйлөсүн. Эл бизди карап турат», - деди Кундузбек Сулайманов.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев иш-чарада болгондуктан эртең менен парламенттин жыйынына катышпаганын билдирди.

«Ишенала Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чарада болдум. Тилекке каршы, кесиптешимдин сөзүн уккан жокмун. Мен болсом жооп берет элем. Ал азыр жок, ошондуктан анын көзү жокто эч нерсе айта албайм. Бирок кандай болгон күндө да жооп болот», - деди Нурланбек Шакиев.

Кундузбек Сулайманов белгилегендей, кесиптештер сөздү тандап сүйлөшү керек.

«Темирди ысыгында басуу керек. Эгер жумушка келгиси келбесе келбей эле койсун, мойнунан байлаган иттей болбой. Кол тийбеситигим бар деп эле ар нерсени сүйлөй берген туура эмес. Буга чара көрүш керек», - деди Кундузбек Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости