www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процесси башталгандан бери добуш сатып алуу боюнча 49 факты катталган. Анын ичинен жетөө тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

"Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда", — деди Макилов.

Ошондой эле ал бүгүн добуш сатып алуу боюнча фактылар аныкталбаганын кошумчалады.

Мындан сырткары, тергөөчү "административдик ресурсту колдонуу" беренеси боюнча 39 факты катталганын белгиледи. Анын ичинен тогузу тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Мындай мыйзам бузууга баргандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Ош облусу жана шаарында болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости