www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Баткендеги кооптуу көлмө, каналдарга эскертмелер илинди

Баткен райондук милиция кызматкерлеринин демилгеси менен кооптуу көлмөлөргө, сууга түшүүгө болбогон каналдарга, арыктарга эки ай аралыгында 100дөн ашуун эскертмелер, тактайчалар илинди.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдүн коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Район аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ар түрдүү оюн-зоокторду, автоунаалар менен кортеждерди уюштуруп жол жүрүүгө бөгөт коюу максатында мектеп мугалимдери ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүүдө.

Ошондой эле пандемия учурунда санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, кооптуу болгон суу топтолгон көлмөлөргө түшпөө боюнча эскертүүлөрдү милициянын көчмө кабылдамасынын үн чыгаруучу каражаты аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери Баткен районунун аймагында бир өспүрүмдүн сууга чөгүү фактысы катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости