www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда балдар үйлөрүн жоюп, фостердик үй-бүлөлөрдү түзүү жана өз ата-энесине кайтаруу иштери акырындап жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу "Балдар укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, реформа кылуу маселеси 2018-жылы активдүү формада башталып, 2019-жылы өкмөттүк деңгээлде 5 балдар үйүн реформалоо тууралуу токтом кабыл алынган. Анда балдардын биологиялык ата-энесин таап, жардам көрсөтүү, баланы жайгашкан интернаттан алып, үй-бүлөсүнө кайтаруу, майыптыгы бар болсо, жашаган районунда инклюзивдүү билим берүү системасын киргизүү каралган.
Мындай иштердин алкагында, токтомдо 5 мекеме каралса, учурда алардын үчөө жабылды. Балдар ата-энелери менен биригип, билим алууга укугу ишке ашырылды.
"Мисал катары айтсам, Кочкор районунда Даун синдрому менен жабыркаган 7 жашар кызды жөнөкөй мектепке албай коюшкан. Аны майыптыгы бар болгону аз келгенсип, ата-энесинен ажыратып, алыскы бир атайын интернатка жөнөтүп коюшкан. Өкмөт жыл сайын ал кызды интернатта багууга 3 миң доллар кетирип атат. Ал жакта балага жагымдуу шарт түзүлдү деп айтса болобу? Жок. Биз ата-энеси, мектеп мугалимдери менен сүйлөшүп, кайра үйүнө кайтардык. Атайын адистер менен иштешти. Азыр кыз аябай өзгөрүлгөн. мурункудай коркок, тартынчаак эмес, мектептеги жагымдуу кыз", — дейт ал.
Булак: NazarNews.kg