www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, экс-министр, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз "Мен Францияга элчи, ЮНЕСКОго өкүл болгонумду Таласта жүрүп уктум" дейт.
--"Урматтуу достор, мен Францияга элчиликке ЮНЕСКОго өкүл болуп кеткеним жөнүндө президенттин указын Таласта жүрүп уктум. Президент мага ишеним көрсөткөндүгү үчүн кубанычтамын. Силердин куттуктоолорго дагы өзүнчө ыраазычылык. Ошону менен катар кээ бир суроолорго түшүндүрмө берип кетем.
1. Президенттик ат салышуудан кандидаттыгымды алып жатканда бул жөнүндө сөз болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Кызмат үчүн соодалашуу менин кыялымда жок аны мени менен жүргөндөр жакшы билишет. Андан кийин да эч кандай жолугушуулар болгон эмес.
2. Бул кызматка эмне үчүн дипломаттар барбайт дегенге менин оюмча ЮНЕСКОго маданият ишмерлери барса көбүрөөк жумуш аткарат деген ойдомун. Салттуу түрдө ошол багытта Ч. Айтматов баштап элчи болуп келген эмеспи. Андан кийин дагы бир топ маданият өкүлдөрү элчилик кызматты өрнөктүү аткарып, азыр да ийгиликтүү иштеп жатышат.
3. Франсуз тили боюнча: англис тилин өздөштүргөм, франсуз тили деле көп кыйынчылык туудурбайт деп ойлойм.
Албетте оорчулуктар болорун түшүнөм буйруса чогуу жеңебиз.
Деги эле маданият ишмерлеринин колунан маданияттан башка эч нерсе келбейт деген коомдогу калпыс ойду жеңишибиз керек.
Маданият баардык багыттын башаты деп айтаар элем. Жана ошону далилдегенге баардык күч аракеттерди жумшай беребиз", - дейт элчи.
Булак: NazarNews.kg