www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларында 73 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, ордо калаада коронавирус жуктурган бейтаптарды жалпы 14 оорукана кабыл алса, 29-июнь саат 8:00гө карата жети ооруканада бош орун калбай калган. Калган жети ооруканада жалпы 73 бош орун бар экени айтылды.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 3;

№2 клиникалык төрөт үйү — 44;

№1 шаардык клиникалык оорукана — 12;

Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3;

Улуттук онкология жана гематология борбору — 6;

Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 4.

Улуттук госпиталь. Мобилдик госпиталь — 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости