www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон 13 жашар Игорь Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча иштеп жаткан комиссияны аталган мекеменин аймагына киргизбөөгө аракет болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, комиссия мүчөлөрү жана акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева мекемеге барган соң директордун орун басары Галина Андрусова кирүүсүнө тоскоолдук жаратып, орой мамиле жасаган.

"Мындан тышкары, Андрусова ЖК депутаттары Айсулуу Мамашова, Бурул Аманованын дагы ишине тоскоолдук кылууга аракет жасаган. Андан соң билим берүү жана илим министри Болот Купешовдун "балдар үйүнүн аймагына бөлөк адамдар кирбесин" деген оозеки буйругуна таянып, балдар менен имаратка бекинип алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, бул көрүнүш министрликтин кызматкерлери менен балдар үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу келгенге чейин уланган.

Мындан улам министрдин атына Андрусованы тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан бошото туруу өтүнүчү жолдонду.

Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдап, анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон.

Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости