www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-августтан 6-сентябрына чейин мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлүүдө.

Бишкек шаарында транспорт каражаттарынын кыймылына Манас Эл аралык аэропортунан баштап, Васильевский тракт, Фучик көчөсүндө, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Абсамат Масалиев проспектинде, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө чектөөлөр киргизилет.

Ошондой эле Чүй облусунун айрым унаа жолдорунда дагы транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Ал эми, Ысык-Көл облусунда транспорт каражаттарынын кыймылына айрым унаа жолдорунун тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки тилкеде, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин даярдык машыгууларынын өткөрүлүшүнө байланыштуу «Бишкек Арена» стадионунда жана ага жакын аймактарда айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, мезгил-мезгили менен жолдор жабылып жатат.

Ички иштер министрлиги шаар тургундарын жана конокторун көрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга жана өз маршруттарын алдын ала мерчемдөөгө чакырат.

Последние новости