www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо - беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу ИИМ эскертет.
«Бомба» жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.
Сиз “бомба” (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок- бул маанилүү эмес.
"Сиздин аракеттериңиздин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү же болбосо, ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу.
Жыйынтык- бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) каралган кылмыш билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат маалыматта.
Булак:NazarNews.kg