www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган «Ихсан Групп ЛТД»  коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга 121 313 950 сомдук зыян келтирилген.
Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Эсиңизде болсун, олуттуу акчаны топтоо үчүн көп жылдар талап кылынат жана бир шашылыш чечимдин натыйжасында бир эле учурда бардык акча каражатыңызды жоготуп коюшуңуз мүмкүн.

Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Ички иштер министрлигине кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же  102.  Ошондой эле, жарандар жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө дагы арыздар менен кайрылсаңыздар болот.

Жарандардан келип түшкөн бардык арыздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси  (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында каралып, процесстик тартипте чечимдер кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости