www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2018-жылдын 22-сентябрында Ош ШИИБде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С. Асановдун Ош шаардык жана Ош облустук ИИБнын өздүк курамы жана ардагерлери менен соттук-укуктук реформалар боюнча жолугушуусу болуп, анда “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жана “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kg маалымат агенттигине Ош ШИИБнин Басма сѳз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С. Асанов “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы “Жүргүзүлгөн соттук реформанын алкагында кабыл алынган айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган жаңы кодекстердин жоболору укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаны ишке ашырууга багытталат жана мунун негизги өзгөчөлүгү жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого укук коргоо органдарынын ишмердигин кайрадан багыттоо болуп саналат”, деп министрдин орун басары белгилеп кетти. Ошондой эле, ЕККУнун каржылык колдоосу менен 3100 даана жаңы кодекстер басылып чыгарылып, киргизилген өзгөртүүлөрдү окуу жана практикада колдонуу үчүн республиканын ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө таратылып берилгендигин айтып өттү.

Ошондой эле, мыйзам долбоорлорун кабыл алуу республиканын жарандары жана
ИИОнун кызматкерлеринин ишмердиги, ошондой эле башка укук коргоо органдары үчүн жогорку мааниге ээ. Ошентип, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 28-июнунда республиканын парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынган жана экинчи окуунун алдында зарыл болгон учурда сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү үчүн республиканын аймактарында кошумча кеңири талкуулоо үчүн сунушталган. Бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө
тартибинин жана шарттарынын бирдей укуктук жана уюштуруучулук негиздери, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук абалы (статусу) жана социалдык жактан камсыздоо кепилдиктери, бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн, кийим-кече, пенсия менен камсыздалышынын жана социалдык колдоонунтутумун унификациялоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүндөгү чектөөлөр аныкталган. Демек, мыйзамдын долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже башкаруу бөлүктөгүлөрдүн 40%га чейин, ошондой эле ИИОдо кызмат өтөгөндүгүнө кошумча 30% айлык маяналарын, ошондой эле укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын 40%га чейин көбөйтүүгө болот, аны менен бирге укук коргоо органдарынын түзүмдөрүндөгү коррупциялык иш аракеттерди азайтуу жана укук коргоо кызматынын беделин көтөрүүгө бир катар жарадамы тиет. ИИОнун кызматкерлери менен ардагерлери саамалыкты жылуу сезим менен кабыл алышып, мыйзам жана жаӊы кодекстердин долбоорлорун талкуулоого активдүү катышышты. Мындан ары да өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так жана таза аткаруу менен өткөрүлүп жаткан реформаларды колдой тургандыгын билдиришти, деп билдирди Ош ШИИБнин Басма сѳз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости