www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов ээлеген кызматынан кетээрине аз убакыт калган шекилдүү. Дегенибиз, Кылыч мырза улам кыйпычыктаган кайрылуу жазып, ажонун көңүлүн өзүнө бурдура албай убара. Өзүнө тиешелүү маалымат булактарынан ажонун саясатын ур-тепкиге алып сындап, Жээнбековду жек көрсөтүү аракети менен алектенип жатканы кандай? Элчи деген мамлекеттин тышкы саясаттагы жүзү да. Угушубузга караганда, жыл аяктаганча элчилердин парады алмашчудай. Демек, Кылыч мырза, “жатып өлгөнчө атып өл!” логикасы менен акыркы аракеттерин көрүп жаткандай. Элчилик атадан калган энчи эмес да. Ызаңызды ичке катып, дипломат болгондон кийин «дипломатично» эле күтүп турбасаңыз, бул жактан карап туруп, биз “не удобный” болуп жатабыз.
Булак: "Де-факто"