www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө буурчакты “Кыргызстанда жасалган” деген белгини милдеттүү түрдө коюп, органикалык продукт катары таанытуу зарылчылыгы “Ата - Мекен” фракциясынын бүгүн, 22 – сентябрдагы Талас областында өтүп жаткан көчмө жыйынында айтылды.  

Жыйынга катышкан КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун маалымдашынча, экспортко багытталган иштерге деп быйылкы жылга өлкө бюджетинен 100 млн. сом каралган.

2026 – жылга чейин ирригация системасын жакшыртуу багытына деп да 58 млрд сомдук стратегиялык иштер аткарылмакчы.

Таластагы чипсы чыгаруучу завод 15 жылдан бери иштебейт. Бул абал жыйынга келгендерди тынчсыздандырды. 27 жыл ичинде Таласта дагы эки  ири завод курулат дегени чоң үмүттү жаратууда. Бул кубаныч, - дешти жыйынга келгендер.

Жеке ишкердиктен зыян жок, айыл чарбасындагы дыйкан – фермерлердин жеке аракеттери жаман болгон жок, - дейт депутат Садык Шер Нияз өз сөзүндө.

Учурда төө буурчактын лопатка сорту 42 – 45 сомдон, американка – 37 – 40 сомдон, рябой түрү – 60 – 70 сомдон бааланууда. Төө буурчакты айдоонун эсебинен жылына мамлекетке болжол менен 43 млн. АКШ доллары түшөт. Республика боюнча төө буурчак 61,6 миң гектарга айдалса, анын 57,1 миң гектары Талас областына туура келет. Төө буурчак дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттолот. Бул багытта 60 компания менен жеке ишкерлер иштешет. Негизги суроо - талап Түркия, Сербия, Болгария жана Россия мамлекеттеринен түшөт. Индия, Пакистан, Кытай, Түштүк – Чыгыш Азия жана Европа өлкөлөрү да потенциалдуу импортерлор болуп калышы мүмкүн. Бул андагы калктын санынын өсүшүнө байланыштуу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости