www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы, өлкөбүздө аялдар кемсинтүүгө, уруп-сабоого, зордук-зомбулукка кабылып, айрымдары өлүм менен аяктап жатканын 5-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул бүтүндөй коом үчүн коңгуроо. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун мындай фактылары байкалбай калбайт, ички иштер органдары тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», - деп ишендирди министрлик.

Ички иштер министрлиги да жарандарды аялдардын жана балдардын укуктарын сактоого чакырды.

«Аялдарды сыйлоону коомдо артыкчылыктуу кылуу биздин колубузда. Мына ушундай жол менен биз цивилизациялуу мамлекет катары өнүгө алабыз. Биз маңкурт болуп, аялдарды зордуктап, өлтүрүп, балдарды азапка салбашыбыз керек», - деп белгилешти министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости