www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр иним, акча маселеси «башкы» маселе эмес... Башкы маселе мамлекетиңин, элиңин коопсуздугу. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Манас, Ош аэропорттору стратегиялык объектилер.
Өз өлкөсүнүн жана элинин коопсуздугун ойлогон Президент, эч качан стратегиялык объектилерин «тышкы башкарууга бербейт».
А. Атамбаевтин бийлиги, өз учурунда Манас аэропортун тышкы башкарууга, болгондо да Молдавия республикасынын бир олигархына беребиз деп, чыгышкан. (аэропортторду башкарууда тажрыйбасы жок олигархка...)
Ошондо чоң комиссия түзүлүп, ал эми Жогорку Кеңештен мен, ж.б. депутаттар комиссия мүчөсү болуп калдык.
КРнын Өкмөтү тарабынан мырза Валерий Диль, Премьердин орун басары да комиссияга кирген.
Комиссия аябай жакшы иштедик, керек болсо Өкмөт мүчөсү Валерий Диль мырза да каршы турду... тышкы башкарууну киргизүүгө.
Ошондо мен аябай дыкат изилдедим, Манас, Ош аэропортторунун «плюс» жана «минус» жактарын.
Бир маселе бар, ойлонто турган... Ошко жетиш үчүн Өзбекстандын территориясы аркылуу коносуң, о.э. учасың.
Мына, ушул жагдайды А. Атамбаевге түшүндүрдүк...кошунаң менен мамилең жакшы болгондо, баары жакшы...мамиле бузулуп калсачы?.. кеп ушунда.
Ошондо, биз өтө маанилүү сунуш киргиздик. Ош аэропорту,
Стратегиялык объект, андыктан көз карандысыз болуш үчүн, Кара-Суу районунун Мады жана Отуз-Адыр а/ өкмөттөрүнөн жер бөлүп берип, Ош аэропортун которулу деген. Алмазбек Шаршенович талаш-тартыштардан кийин колдоп берген, жерлер да бөлүнгөн. Бирок, биздин чакырылыштын вазийпасы бүттү, таркадык...кайсы бир себеп менен Ош аэропорту бөлүнгөн жерге которулбай калган.
Айтайын дегеним, стратегиялык объектилерди тышкы башкарууга өткөрүп берүү өтө коопту.
Кудай сактасын, кандайдыр бир Чрезвычайная ситуация пайда болуп калды дейли... башкарууга алган компания, биздин бийлик төбөлдөрүнө баш ийбей койгон учур жаралса, элестетип көргүлө...
Мына, бүгүн эле Төө-Ашуудагы тунелдин ичинде машина күйүп кетти эле, жол каттамы көпкө токтоп калды...
Алтернативтүү Түндүк-Түштүк жолу бүтө элек...
2010-жылкы каргашалуу окуяда раматылык, И. Каримов аба жолун бууп койгондо, УӨкө өчөшүп...элибиздин абалын элестете бергиле...
Ошондуктан Садыр иним, акча маселеси «башкы» маселе эмес... Башкы маселе мамлекетиңин, элиңин коопсуздугу.
Садыр иним, суранам Сенден, аэропортторду тышкы башкарууга берүүдөн баш тарт.
Болгондо да, аэропортторду «башкара билген» фирмага эмес, аэропортторду «куруу» фирмасына берип жатыпсыңар...ачыгын айтайын, Кабминдин жетекчиси, Акылбек Жапаровдун бул чечими жөн эле ката эмес, «кечирилгис», о.э. «аттиң» дей турган катачылык», - деп жазган саясатчы Жолдошова.
Булак: NazarNews.kg