www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын “Эркин Азия” радиосу Си Цзиньпин Путиндин чакыруусуна жооп катары Орусияга баруудан баш тартканын билдирди. RFAнын маалыматына караганда, мындай сунушту орус президенти 15-июндагы телефондук сүйлөшүүдө айткан. Кытайдын президенти чакыруудан баш тартып, коронавирустун пандемиясынан улам жакынкы келечекте өлкөгө баруу кыйын экенин айтты.

Кремль өз кезегинде бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

"Чындыгында, Кытайда белгилүү бир ковид чектөөлөрү уланууда жана бул нормалдуу көрүнүш, биз буга түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек" деди Песков.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, Путинге Кытайга, Си Цзиньпинге Орусияга баруу сунушу бар. Мамлекет башчыларынын сапарлары Кытай COVID-19 боюнча чектөөлөрдү жеңилдеткенден кийин ишке ашат, деп ишенет Песков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости