www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта ишкананын директору А.М. , башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.
Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча каражаттары айлык акы катары көрсөтүлүп, Д.Ш.нын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, катышуучулар арасында бөлүштүрүлгөн. Натыйжада мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. кармалган. Шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.