www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарында жайгашкан ички иштер органдарынын горнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара келе жаткан шайлоо жана референдумду өткөрүү күнүнө утурлай уюштурулуп, негизги максаты бул маанилүү саясый иш-чарага карата коомдук коопсуздукту сактоо боюнча укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерүү эле.

Горнизондук саптык кароо Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын, ички аскерлеринин, атайын багыттагы бөлүктүн жетекчилиги, өздүк курамы катышышты.

Өздүк курамга шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча нускамалар берилип, милдеттери жана укуктары түшүндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков өздук курамдан бул күндөрү мыйзамдуулукту сактап, шайлоо өнөктүгү учурунда аныкталган, келип түшкөн ар бир маалыматтарга тез арада, өз убагында көӊүл буру зарылдыгына токтолду. Жеке кызматтык тартипти сактоону талап кылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков өз сөзүндө ички иштер органдарына кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду: Урматтуу кесиптештер! Урматтуу ардагерлер! Урматтуу элдик кошуундардын эр азаматтары! Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу, жана анын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү керектигин белгилеймин. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштерди аткарып жатабыз. Бул багытта коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча Ички иштер министрлигинин тапшырмасы бардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлдү.

2021-жылдын 5-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришет. Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун бизге берген тапшырмасына ылайык шайлоолор таза жана акыйкат өтүш керек. Шайлоого карата бардык тартип бузууларга, анын ичинде добуш сатуу жана сатып алуу фактыларына бөгөт коюу биздин милдет. Эгерде ушундай фактылар аныкталса, анда мыйзам чегинде чараларды көрөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости