www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азыркы бийликтин артыкчылыгы Баш мыйзамды элдин тандоосуна койгону болду”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.
--“Кыргызстанда 10-январда эл президенттик башкарууну тандап алды. Кыргызстанда 30 жылдан бери парламенттик, аралаш башкарууну дагы көрдүк. Парламенттик башкарууну жакшы натыйжа берген жок. Эл парламент ката кетирди, парламенттик башкаруу туура эмес деген тыянакка келип президенттик башкарууну тандап алды. Буга чейин президенттер өзүнө берилген ыйгарымдуу укуктарынан чыгып кетип, ар кандай туура эмес каталарды кетиришти. Мына парламенттин алсызды билинип калды. Негизи парламент күчтүү болушу керек болчу. Тилекке каршы элдин кыжырына тийип, ар бир депутат өзүм билемдикке салып, аягында элдин ишениминен чыгышты. Учурда юристтер ар кандай талдап жатышат. Азыр дагы эл Баш мыйзамды кандай кабыл алат белгисиз. Бирок буга чейинки пикирлерге караганда талаш-тартыш маселе бар экен. 2010-жылы баш мыйзамды эл билбей эле колдоп койгонбуз. Азыркы дагы бир өзгөчөлүгү элден сурады. Азыркы бийликтин артыкчылыгы Баш мыйзамды элдин тандоосуна койгону болду. Элдин 80 пайызы колдоп, алардын тандоосу менен болду”, - дейт экс-депутат.
Булак: NazarNews.kg