www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын четиндеги православдар көрүстөнүндө 12 эстелик талкаланды.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Окуя 5-мартка караган түнү болгон.
"Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренеси менен сотко чейинки тергөө иши башталды. Тергөө ыкчам тобу түзүлгөн, жергиликтүү бийлик, жаштар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чолпон-Ата шаардык чиркөөсүнүн иерейи Александр Дмитриев элге кайрылып, муну кандайдыр бир диний кастык же улуттар аралык пикир келишпестик катары баалообого чакырды”,- деди Сталбек Усубакунов.
Мындай окуя 2 жыл мурун Ысык-Көл районунун Ананьев айылында да катталган. Анда күнөөлүүлөр аныкталып, талкаланган эстеликтер ордуна тургузулган.
Булак: NazarNews.kg