www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.
Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Кече сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн А.Атамбаевдин тарапташтары суралды, андан сырткары медиа форум акционердик коомунун жана "Апрель тв" телевидениесинин мүлкү камакка алынды.
Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын негизинде КСДПнын Штабынын өкүлдөрү А.Кылычов менен А.Жамгырчиев Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Булак: NazarNews.kg