www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соттун чечимине баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Араван районунун 1997-жылы туулган М.У. аттуу жашоочусу буга чейин ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, М.У.га карата 210 миң сом айып салынган.
"Ушул күнгө чейин М.У. айыппулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот ага карата 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган”, -деп айтылат билдирүүдө.
ИИМден белгилешкендей, М.У. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Булак: NazarNews.kg