www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элден "ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер өздөрү карапайым калкка үлгү болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин "Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу - социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи" аталышындагы жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.
Президенттин айтуусуна караганда, ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар, андыктан аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды.
"Айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым кылган фактылар бар. Ысырапкорчулук боюнча элден талап кылардан мурда ушул жерде отурган, биздин администрацияда, министрликте, облус, район, айыл өкмөттө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуш керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып алып, дүңгүрөтө той беребиз. Анан бири-бирибизди көрүп, карапайым калк дагы чөнтөгүндө акчасы жок болсо дагы намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип кетип жатат. Ошондуктан өзүбүз аларга үлгү болушубуз керек. Ысырапкорчулукка каршы иштеңиздер, көзөмөлгө алыңыздар. Сөз жүзүндө айтып коюп, иш жүзүндө кылбаган эң жоопкерчиликсиз маселе", - деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg