www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясына окууга талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу эрежелери бекитилген. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, укук коргоо жана фискалдык органдар үчүн жогорку юридикалык билимдүү адистерди даярдоо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин билимин жана кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында төмөндөгүлөргө жарыяланат:

“Укук коргоо ишмердүүлүгү” багытындагы бакалавриат программасы боюнча бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасы боюнча. “Юриспруденция” багытындагы бакалавриат программасы боюнча, контракттык негизде.

Академияга ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине коюлган талаптарга жооп берген, ден соолугунун абалы боюнча жогоруда аталган органдарда кызмат өтөөгө жарактуу жалпы республикалык тестирлөөдөн, кошумча жана аттестациялык сыноодон ийгиликтүү өткөн орто, атайын орто жана юридикалык эмес жогорку билими бар адамдар кабыл алынат.

Күндүзгү окуу формасынын бюджеттик негиз боюнча төмөнкү адамдар кабыл алынат:

ИИОнун катардагы жана кенже жетекчилик курамдагы 25 жашка чейинки адамдар, бою 170 см кем эмес.

Орто жана атайын орто билимдүү 17 жаштан жогору 25 жашка чейинки адамдар, бою 170 см кем эмес.

Алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер бою 168 см кем эмес; 2020-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чыга электер бою 168 см кем эмес, алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер бою 168см кем эмес;

Кыз-келиндер (эреже катары, жалпы кабыл алуунун 10% кем эмес,  Бишкек ш.жашаган жери бар) 25 жашка чейин, бою 165 см. Алардын ичинен  спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер бою 163см кем эмес; 18 жашка жетпегендер (2020-жылдын 1-июлуна карата) бою 163 см кем эмес, алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер бою 161 см кем эмес.

Спорттук разряддардын жана спорттук наамдардын квалификациясын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин КББнын өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин, ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучуларынын ичинен жана медициналык кызматынын начальнигинен турган комиссия түзүлөт.
Күндүзгү окуу формасына бюджеттик (гранттык) негизинде орто жана атайын орто билимдүү 17 жаштан жогору 25 жашка чейинки адамдар кабыл алынат (2020-жылдын 1-июлуна карата).

Сырттан окуу формасы боюнча дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен:

-бюджеттик негизде укук коргоо органдарынын жалпы орто билими бар кызматкерлер кабыл алынат;

-контракттык негиздеукук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери кабыл алынат, окуу мөөнөтү 5 жыл, 2,5 жыл  жана 3,5 жыл.

-контракттык негизде укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн эркин жалданма кызматкерлери кабыл алынат, жогоруда аталган кызматтарда бир жылдан кем эмес эмгек стажы болуусу шарт, окуу мөөнөтү 5 жыл, 2,5 жыл  жана 3,5 жыл.

Тандоо жана кабыл алуу тартиби

Академияга талапкерлерди тандоо ички иштер органдарынын өзүндө, ошондой эле, бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү окуу формасы боюнча талапкерлерди тандоо Академиянын кадрлар бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

Күндүзгү окуу формасы боюнча бюджеттик негизде окууга талапкерлердин өздүк делосу төмөнкүлөрдөн турат: кызматтык тизме, окууга жөнөтүлгөндүгү тууралуу арыз (катталган), өмүр баян-2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган), анкета, өмүрбаяндыкреферат, комплектөөчү органдардын жетекчиси бекиткенокууга кабыл алуу жөнүндөгү бүтүм, акыркы жумуш ордунан (кызматынан) же окуусунан кызматтык мүнөздөмө, талапкерди текшерүү материалдарды (3 пикир, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн маалымдамасы, криминалдык милиция кызматынын маалымдамасы), аскердик-врачтык комиссиянын бүтүмү, паспорттун көчүрмөсү, милдеттенме, “атайын текшерүүнүн” материалдары, комплектөөчү органдын кадрдык аппратынын кызматкеринин колу менен тастыкталган 9x12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат же атайын орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом).

Күндүзгү окуу формасы боюнча контракттык негизде окууга талапкерлердин өздүк делосу төмөнкүлөрдөн турат: окууга жөнөтүлгөндүгү тууралуу арыз, өмүр баян2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган), анкета, акыркы жумуш ордунан (кызматынан) же окуусунан кызматтык мүнөздөмө, аныкталган үлгүдөгү №086 формадагы медициналык маалымдама, паспорттун көчүрмөсү, талапкерди “атайын текшерүүнүн” материалдары, 9x12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат же атайын орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом).  

Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы боюнча бюджеттик жана контрактык негизинде окууга тапшыруу үчүн тандалган талапкерлердин өздүк делосу төмөнкүлөрдөн турат: жетекчинин визасы менен таризделген билдирме (арыз), анкета, окууга жөнөтүлгөндүгү жөнүндө тыянагы менен жумуш ордунан кызматтык мүнөздөмө, аскердик-врачтык комиссиянын бүтүмү, контрактык негизде билим алууга тапшырып жаткандар үчүн аныкталган үлгүдөгү №086 формадагы медициналык маалымдама, документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат,  атайын орто кесипттик окуу жайын же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом), кадр аппарытынан тастыкталган 9x12-1 даана, 3x4-4 даана сүрөт. Фискалдык органдардын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүнаскер кызматкерелеринин ичинен келген талапкерлерге “атайын текшерүүнүн” материалдары таризделет.

Чүй областынан жана Бишкек шаарынан күндүзгү окуу формасы боюнча бюджеттик (гранттык) негизде Академияга окууга тапшырып жаткан талапкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин аскердик-врачтык комиссиясынан 2020-жылдын 20-июнуна чейин биринчи жолу медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт. Акыркы медициналык күбөлөндүрүүдөн же убактылуу иштеп жаткан аскердик-врачтык комиссиядан 2020-жылдын 1-июлуна чейин өтүшү керек.

Областардан күндүзгү окуу формасы боюнча бюджеттик (гранттык) негизде Академияга окууга тапшырып жаткан талапкерлер областык ички иштер органдарынын аскердик-врачтык комиссиясынан 2020-жылдын 20-июнуна чейин биринчи жолу медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт. Акыркы  медициналык күбөлөндүрүүдөн же убактылуу иштеп жаткан аскердик-врачтык комиссиядан 2020-жылдын 1-июлуна чейин өтүшү керек.

Аскердик-врачтык комиссияда өтүшү үчүн талапкерлер өздөрү менен кошо: паспорт, аскердик билет же каттоо күбөлүгү (приписное) жана спортсмендердин классификасиялык китепчесин, 3x4-2 даана сүрөт ала келиши керек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости