www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө “Ачык сөз” гезитинде көкүрөктү ойготкон курч материал жарык көрүптүр. Ошону окугандан кийин кыйлага чейин ойго баттым. Чын эле Темир Жумакадыров деген жигиттин дарегине жаман айтылган сөздү дегеле уккан эмеспиз. Жалаң гана жылуу пикирлерге күбө болгонбуз. Тилекке каршы Алмазбек Шаршенович баалаган кызматкери кырсыкка кабылып жарык дүйнө менен кош айтышты. Ошондо айрыкча мурдагы ажобуздун көкүрөгүнө сары зил уюганын байкаганбыз. Кантсе деле өлкөнү башкарган адамдын элдикинен башкача туйуму болот эмеспи? Өз баласынан артык көргөнүн, Темирге ишеними тоодой болгонун, жаш кеткенин, чечилип сүйлөшкөнүн коомчулукка шардана кылган. Атаганат, мыкты элдик уулдардын арабыздан эрте кетишине ичибиз ошондо чындап эзилген.
Андан бери бир жылга аяк басып калды. Аныгында 7-октябрда бир жыл болорун көбү унутуп калышты. Анткени өлгөндүн өзүнүн эле шору деген кептин бекерден чыкпаганын билебиз да? Арийне, жаңы бийлик келип, өзүнүн жүрүштөрүн баштады. Иш болсо бүгүн, эртең, он жылдан кийин деле түгөнчүдөй эмес. Себеби, тирүүчүлүктө эч качан иш бүтпөйт, азыр бүткөрө салсаң, төрт сааттан кийин башкасына чарпыласың. Антсе да КТР ди мыкчып турган Илим Карыпбековго эскертүү берип койсок жөндүү болот. Көзү тирүү кезинде Темир менен жакын дос элең. Жок дегенде жылдыгында теледен эскерүү уюштуруп койгонду унутпастырсың? Кантсе да бир табактан аш ичип, барчылыкта чогуу сайрандап жүрбөдүңөр беле? Ошого жарар бекенсиң, же кумга башын тыккан жаныбарга окшошуп каласыңбы? Муну айткан себебибиз, кызматынан корккон адамдар да болорун көргөнбүз. Негизи Темир Жумакадыров эскерүүгө татыктуу эле адамдыр, же…
Р. Жакыпбердиев,
Бишкек шаары
Булак: "Ачык сөз"