www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев УКМКга суракка алынып кетти. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдк фонду билдирди.

Азырынча анын суракка чакырылышынын себеби белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин Карабаев УКМКнын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле атайын кызмат Жоомарт Карабаевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости